Күн, Ай жана Жылдыздар: жылдын эң мыкты астрономиялык сүрөттөрү

Түндүк уюлдун жаркыроосу, күмүш түстүү булуттар, Айдын жаңыруусу, түнкү асман...Мындай сүрөттөрдүн баарын жыл сайын Гринвичтеги Королдук обсерватория тарабынан өткөрүлгөн астрономия боюнча сүрөт конкурсундагы эмгектерден көрүүгө болот.

Биз финалга чыккан эмгектердин айрымдарын сунуштайбыз. Жеңүүчүлөр 14-сентябрда жарыяланат.

Сүрөттүн булагы, Haitong Yu

Кытайдын Улуттук астрономиялык обсерваториясындагы станциянын үстүндөгү асмандан көрүнгөн Саманчынын жолу. Сүрөттүн автору Хайтун Юй.

Сүрөттүн булагы, Yulia Zhulikova

Мурманск аймагындагы түндүк уюл жаркыроосу. Автор Юлия Жуликова.

Сүрөттүн булагы, Ainsley Bennett

Энсли Беннетанын бул сүрөтүндө Уайт аралындагы аскалар жана айдын жаңы жаңырган учуру.

Сүрөттүн булагы, Andrew Whyte

Күндөн жогорку катмарга газ сыяктуу заттардын масштабдуу бүркүлүшү. Сүрөттүн автору Пол Эндрю.

Сүрөттүн булагы, Brandon Yoshizawa

Калифорния Сьерредеги ак карлуу чокулар, алтын тажылар... Автор Брэндон Йошизава.

Сүрөттүн булагы, Prisca Law

Приска Лоу бул сүрөттү тартуу үчүн Гонконгдогу эң бийик Виктория чокусуна чыгып, мегаполистин укмуштуудай ачылган көрүнүшүн тартып алган.

Сүрөттүн булагы, Nicolas Alexander Otto

Николас Александер Отто түндүк уюлдун жаркыроосун сүрөткө тартып алуу үчүн Лофотен аралдарына келген. Бирок ал болбой калып, деңизге сапар алат. Узак убакытка сейилдөөсү анын күтүүсүн актаган.

Сүрөттүн булагы, Rob Bowes

Сүрөттүн автору Роб Боуз Англиянын Портленд аралындагы Ла-Маншка кулап бараткан «жылдызды» кармаган.

Сүрөттүн булагы, Dani Caxete

Айдын фонундагы эл аралык космикалык станция. Бул сүрөттү Дани Каксета тарткан.

Сүрөттүн булагы, Ruslan Merzlyak

Күмүш түстүү булуттар, жолго жарык шооласы төгүлүп турат. Автор Руслан Мерзляков швед токойлорун аралап үйүнө келе жаткан жолдо тарткан.

Бардык сүрөттөр Insight Astronomy Photographer of the Year уруксаты менен жарыяланды.