Коронавирус: Кыргызстанда жана дүйнөдө абал кайра курчуду

Кыргызстанда 16-октябрга карата 431 жаңы учур катталды. Бишкек (70) менен Ош (44) шаары Covid-19 вирусунун очогуна айланып бара жатат деп коңгуроо кагууда айрым адистер. Күн сайын коронавируска кабылгандар саны өсүүдө. Бир күндүн ичинде төрт киши вирустан кайтыш болду.

Расмий маалыматка ылайык, март айынан бери жалпысы болуп 51 020 адам вируска кабылса, 1 103 адам көз жумду. Айрым эксперттер чыныгы көрсөткүч мындан кыйла жогору экенин айтууда.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо эки аптадан бери вирус тез жайылып жатканын эскертип, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого үндөдү.

"Ооруканага түшүп калгандан көрө беткап тагып, колду жууп, аралыкты сактоо чаралары өтө жеңил эмеспи! Ооруп калбаганга аракет кылыш керек. Бул илдет дүйнө жүзүндө жок болуп кете элек", -деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Министрликтин маалыматына ылайык, бейтапканаларда 8 100дөн ашык орун камдалган. Ушу тапта ооруканаларда эки миңден ашуун киши коронавирустан дарыланып жатат.

Лондондо кайрадан карантин чектөөлөрү, Францияда күнүнө 30 миң кишиге вирус жукту

Европа регионунда коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатат. Өзгөчө Францияда Covid-19 вирусуна кабылгандардын саны жогорулады. Бул өлкөдө бир күндүн ичинде 30 621 киши вирусту жуктурган.

Учурда Париж жана башка шаарларда коменданттык саат киргизилди жана кайра жандандыруу бөлүмүндө орундар абдан аз калды. Ал тапта Улуу Британия Лондон шаарындагы карантин чектөөлөрүн күчөттү. Бул өлкөдө бир күндүн ичинде 18 900 жаңы учур катталып, 138 киши көз жумду.

Орусияда болсо бир күндүн ичинде 286 киши вирустан көз жумду. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Соңку күндөрү Орусияда 13 миңден кем эмес жаңы учур катталууда.

Ремдесивир коронавирустун оор түрүнө кабылгандардын өмүрүн сактай албайт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму арзан жана жеткиликтүү ремдесивир Covid-19 вирусунун оор түрүнө кабылгандардын өмүрүн сактай албайт деген тыянак чыгарды. Буга чейин клиникалык сыноолор ремдесивир препараты Covid-19 инфекциясына каршы эффективдүү күрөшкөнүн тастыктаган эле. Ремдесивир препараты берилген бейтаптар бир жарым эсе тез же 11 күндүн ичинде сакайган. Плацебону алган бейтаптар 15 күндөн кийин гана вирустан айыккан. Ремдесивир дарысын ичкендер арасында көз жумган бейтаптар дагы азыраак катталган болчу.

"Тилекке каршы бул дары сыноолор көрсөткөн үмүттү актай алган жок. Башкача айтканда вирустун оор түрүнө кабылгандар арасында өлүм-житим көрсөткүчүн азайта алган жок",-деп айтылат ДССУ тараткан билдирүүдө.

Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трампка ремдесивир препараты берилген. Орусиянын саламаттыкты сактоо кызматы ремдесивирди коронавируска колдонулчу препарат катары катталган. Лопинавир менен ритонавир коронавируска каршы натыйжасыз экени табылды.