Марста жашоо барбы? Дүйнөнүн таң калтырган сүрөттөр

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Американын космос агенттиги - НАСАнын "Персеверанс" (англисчеден которгондо "өжөрлүк") роботу жети ай космосто учуп, Марс планетасына 18-февралда ийгиликтүү конгон.

Андан бери космостук робот Марстын экваторуна жакын "Езеро" деп аталган кратерден көз жоосун алган сүрөттөрдү салып жатты.

Роботтун эң негизги максаты - Кызыл планетадагы бактериялык жандыктардын изин иликтөө. Окумуштуулар үч-төрт миллиард жыл мурун Марста суу болгонун, демек тирүү жандык дагы болушу мүмкүн деп келишет.

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Персеверанс" роботу Кызыл планетага жаңы конгондон кийин тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech/UArizona

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космостук робот Марска конгонуна алты күн өткөндөн кийин тартылып, жакындатылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Персеверанстын" камералары, автоматтык колдору бар. Аны менен робот бургулоо иштерин аткара алат, лазери дагы бар. Андан тышкары роботко заманбап сенсорлор жана анализ жүргүзгүдөй аспаптар дагы орнотулган

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Персеверанс" соолуп калган көлдүн түбүнөн анализ алып, аскаларда бургулоо иштерин жүргүзөт. Робот анализге алган таштарды таңгактап, Марстын бетине чогултуп коет

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аларды башка аппарат алып кетет. Экинчи аппарат Марстан алынган анализдерди Жерге жеткирет. Бул Марс планетасынан көтөрүлгөн биринчи робот болмокчу

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech/ASU/MSSS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роботтун Mastcam-Z камерасы менен тартылган панорама сүрөтү. Бул сүрөттү робот 142ге бөлүп Жерге салган, аны НАСАнын кызматкерлери бириктирген

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech/ASU/MSSS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космостук робот планетанын таштарын үлгүгө албастан, Марстын түзүлүшүн так көрсөткөн сүрөттөрдү Жерге жөнөтүүдө

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech/ASU

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Персеверанс" роботунун дизайны жана планетага конуу алгоритми 2012-жылы ийгиликтүү сыналган. Анда НАСАнын "Кьюриосити" аппараты Гэйл кратерине конгон эле. Жаңы робот дагы Skycrane ("Асман краны") парашют технологиясын колдонду

Сүрөттүн булагы, Nasa/JPL-Caltech

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL-Caltech

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космостук робот конордун астында чаң учканын байкаса болот

Кызыл планетага жетүүгө 1960-жылдары көп аракеттер болгон. Миссиялардын жарымы ийгиликсиз аяктаган. Соңку жылдары АКШ, СССР (кийин Орусия), Индия жана Европа Биримдиги Марска аппараттарын ийгиликтүү жөнөткөн эле. Эми бул өлкөлөрдүн катарына Бириккен Араб Эмирлиги менен Кытай кошулду.

Сүрөттөр Nasa/JPL-Caltech таандык.