Коронавирустун жаңы штаммы британдыктарды үйгө камады. Сүрөт

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кош келиңиздер!"деп жазылып турганы менен коноктор үчүн Трафальгар аянтындагы Улуттук галереянын эшиги жабык

Рождествонун алдында коронавирустун жаңы штаммынан улам Британия сырт дүйнөдөн обочолонуп калды. Өкмөт Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында катаал локдаун жарыялоого аргасыз болду.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы локдаундан улам Вестминстер көпүрөсүндөгү күнү-түнү тынбаган унаалардын агымы кан буугандай токтоду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондун Балам районундагы Waitrose дүкөнү. Кишилер азык-түлүк камдап алыш үчүн кайрадан узун кезекте. Бирок жаздагыдай дүрбөлөң түшкөндөр жок

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде Франция чек арасын 48 саатка жаап салгандан кийин Дувр портундагы өтмөктө оор жүк тарткан унаалар тизилип калды

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дувр портундагы терминал, мына ушул жерден Европага паром аркылуу өтөт

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон метросу күндүзү ушундай көрүнүштө. Адатта мындай бош калган учур түндөсү болчу

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондун шоппинг артериясы болгон Оксфорд көчөсүндө шамал ойнойт. Дүкөндөрдүн баары жабык. Адатта Рождестводо бул көчөдө элдин агымынан улам басууга мүмкүн болбой калчу

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майрамдык белектерди саткан дүкөндөр толугу менен жабык турат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдар адабиятындагы Рождествону уурдап алган каарман жашыл Гринч быйыл өзгөчө популярдуу болуп жатканы таң калыштуу деле болбосо керек

Эл аралык коомчулук Британияда тарап жаткан коронавирустун жаңы түрүнө тынчсызданууда. Кырктан ашуун мамлекет Британиядан сапарга чыккандарды кабыл албай турууну чечти.