Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камакка алынды
Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларга айыпталып жаткан Шаирбек Ташиевдин бөгөт чарасын аныктады. Соттун 2-апрелдеги чечими менен ал 16-майга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине (№1тергөө абагы) камакка алынды.
Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунда ири коррупциялык схеманын бетин ачылганын билдирип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевди 1-апрелде камакка алган.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды. Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Тергөө иштери уланууда. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш" деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Өткөн айда Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын алдында ал ИИМге суракка кирип чыккан.
"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча Камчыбек Ташиев да сурак берген.
Ушул эле иш боюнча кармалган Ташиевдердин жээни, "Кыргызнефтегаз" ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун мурдагы директору Байгазы Матисаков 2-апрелде үй камагына чыгарылды.
Айрым маалымат каражаттары ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн үй камагына чыгарылганын жазышууда.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 02-апрелиндеги токтому менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталган М.Б.Ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 16-майына чейин аныкталган" деп айтылат соттун маалыматында.
Тергөөдө Матисаков ортомчу компаниялар аркылуу мунай продуктуларын мыйзамсыз сатууга байланышкан схемалардын катышуучуларынын бири катары өткөн.
Март айында Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасында текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү коррупциялык схемалар аныкталганын жарыялаган. Иликтөөдө аталган ишканадагы жемкорлук фактыларына Ташиевдердин тиешеси бар экени айтылган. Бул иш боюнча мамлекетке келтирилген жалпы зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланууда.
17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн катып, коюлган дооматтарды четке каккан. Камчыбек Ташиев да 20-мартта Айт намаздан кийинки сөзүндө каралоо жүрүп жатканын билдирген.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт