You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чет өлкөлөрдө 1 миң 423 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат
Учурда чет мамлекеттерде жалпысынан 1 миң 423 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында отчет берип жатып билдирди.
Айтымында, издөөдө жүргөн жарандар боюнча чет мамлекеттерге 143 экстрадициялык суроо-талап жөнөтүлүп, жыйынтыгында кылмыш жасаган 80 жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.
"Алардын 1126сы Орусияда жаза өтөп жатат. 753 жаран Кыргызстанга которуу боюнча өтүнүч билдирген. Анын ичинен Орусия соттун чечими менен 13 адамды өткөрүп берүүдөн баш тартты. 160 жаранды которууга мыйзам жол бербегендиктен Кыргызстан өзү баш тартууга туура келди. 65 жаран мекенине которулуудан баш тартты. Орусиядан Кыргызстанга жалпы 232 жаран которулуп, соңку үч жылда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча туруктуу өсүү динамикасы байкалууда",- деди ал.
Башкы прокурор белгилегендей, 2025-жылы бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 115 жаранга көбөйүп, 98 пайызды түзгөн. Ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 2025-жылы которулган жарандардын саны үч эсеге өскөн.
Өткөрүлүп алынган жарандардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Аталган мамлекеттен жалпы 32 адам которулган. Мындан тышкары, Казакстандан 4, Кытайдан 1 жаран өткөрүлүп берилген. Учурда дагы 580 жаранды которуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошондой эле өлкө аймагында издөөдө жүрүп кармалган 74 чет өлкөлүк жаран кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү мамлекеттерге өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.