You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бакай Банк" Брюсселде "Ачык диалог фондуна" каршы сот ишин утуп алганы кабарланды
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун Брюссель сотунун чечимине таянып билдиргенине караганда, кыргызстандык "Бакай Банк" поляк-бельгиялык "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) аттуу өкмөттүк эмес уюмуна каршы сот ишинде жеңишке жетти. Маалыматта аталган фонд 2023-жылдан тарта өз ресурстарында "Бакай Банкты" Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүү схемаларына катыштыгы бар деп шек санаган маалыматтарды жарыялаган.
Бул жооп катары банк өз аброюн коргоо үчүн Брюсселдин француз тилдүү ишкердик сотуна доо арыз менен кайрылган.
"Бакай Банк" жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди", - деди Аскат Алагөзов.
Маалыматтарда "Бакай Банк" сотко 2024-жылы кайрылган.
Ошону менен бирге маалымат катчы учурда АКШ жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген "Керемет Банк" жана "Капитал Банк" боюнча да кырдаалга токтолду.
"Бул жерде маанилүү бир жагдай: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө болгону шектелип жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген", - деди Аскат Алагөзов.
"Бакай Банкка" байланыштуу "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) уюмунун көз карашын билүүгө мүмкүн боло элек.
Орусия - Украина согушу башталгандан бери, Батыш Кыргызстандагы бир нече компанияларды жана крипто тармакка байланыштуу уюмдарды кара тизмеге киргизген. Алардын арасында KIFIKO LLC, Grinex LLC, Old Vector LLC, Tengricoin сыяктуу компаниялар, ошондой эле "Капитал", "Керемет", "Толубай Банк" жана "Евразия сактык банкы" банктары бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин Евробиримдиктин кыргыз банктарына санкция салганына өкүнүчүн билдирген.
Дегеле, кыргыз бийлиги санкцияларды бузганын четке кагып келет.
Сентябрдын соңунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп, өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну ички ишке кийлигишүү катары баалаган эле.
Жапаров Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип жатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келерин белгилеген.
Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирип, банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айткан.
"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", - деген Жапаров.
Ал Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын айтып, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирген.
Быйыл февралдын акырында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен Орусияга каршы киргизилген санкцияларды буйтоого аракет кылган учурлар тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.