Садыр Жапаров мамлекет улуттук валютаны өзү чыгара баштаганын билдирди

жапаров сом
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан тарыхта алгачкы жолу улуттук валюта болгон сомду өзү чыгарып баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстан башка өлкөлөрдүн акчаларын дагы буйрутма менен басып берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди.

"Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн!

Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык.

Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек.

Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык.

Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар", - деп жазды өлкө башчысы.

Мындан тышкары, Жапаров мамлекет башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспорттору, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтерди да басып берүүгө даяр экенин айтты.

Садыр Жапаров учурда бир нече мамлекеттердин буйрутмасы бар экенин кошумчалап, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болорун баса белгиледи.

Сом 1993-жылдын 14-майында кечки саат 18.00дө Кыргызстандын аймагындагы мыйзамдуу валюта катары кабыл алынган. Улуттук акча Франция менен Мальтада басылып чыгат. Ал эми металлдан жасалган тыйындар Казакстанда даярдалат.