Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон

Окуу убактысы: 1 мүнөт

2025-жылы республика боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине карата жасаган зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон. Бул иштердин алкагында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.

Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында отчёт берип жатып билдирди.

Айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук коомдогу курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мамлекет тарабынан мындай көрүнүштөргө каршы жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамдар кабыл алынып, ар кандай чаралар көрүлүп жатканына карабастан, өлкө аймагында бул фактылар дагы эле катталууда.

Ошондой эле 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси боюнча 36 кылмыш иши козголгон.

"Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 6 миң 18 адамга карата протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн. Прокуратура органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча укук коргоо органдарына келип түшкөн арыздардын жана материалдардын катталышына, мыйзамдуу чечим кабыл алынышына, мыйзам чегинде тергелишине жана сотто каралышына, ошондой эле укук бузуулар боюнча материалдардын мыйзамдуулугуна тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жатат",- деди ал.

2025-жылы прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 363 мыйзам бузуу аныкталып, 145 прокурордук чара көрүү актылары түзүлгөн.

Натыйжада ыйгарым укуктуу органдардын 153 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, башкы прокурор отчёттук мезгилде балдардын укуктарын коргоо жана камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге да токтолду.

Бул аралыкта 918 текшерүү жүргүзүлүп, 2511 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу максатында 1062 прокурордук чара көрүү актысы түзүлүп, 20 кылмыш иши козголгон жана 27 доо арыз сотко берилген. Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында 1155 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 27 кызмат адамына айып пул салынган.