"Жарылуудан жер титиреп, өйдө көздөй качтык". Ысык-Көлдөгү машыгууда Орусиянын учагынан ок-дары түшкөнү тастыкталды

    • Author, Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын жанында болгон жарылууга Орусиянын аскердик учагынан машыгуу учурунда түшкөн снаряд себеп болгону маалымдалды. 1-апрелде Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынын жанына асмандагы учактан белгисиз нерсе түшүп, жарылуудан эки жерде чоң чуңкур пайда болгону айтылган видео тараган.

Би-Би-Си ал күнү талаада иштеп жүргөн дыйкандар менен байланышты.

Алардын айтымында, учактан түшкөн ок-дарылар талаа иштери жүрүп жаткан жерден 500-600 метр гана алыстыкта жарылган.

"Дагы таштайбы деп өйдө көздөй качтык"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Касымбек Казиев, Сары-Камыш айылынын тургуну

"Биз талаада иштеп жатканбыз да. Кечки алтылар болуш керек эле. Самолеттор дайым эле учушат да, ага деле көп көңүл бурбайбыз, көнүп калганбыз. Биздин талаанын үстүнөн көп уччу эмес. Анан ошол күнү учуп калды, учуп келип эле снаряды куладыбы, билбей калдык да. Жаныбызга бир 500-600 метрге катуу жарылды, жер титиреп кетти да. Самолет андан кийин дагы 2-3 жолу айланып турду, биз болсо дагы таштайбы деп, өйдө көздөй кача баштадык, өйдө чыгып кеттик талаадан. Орусиянын бул жакта нөөмөткө тургандарын тааныйбыз да, аларга чалсак бат эле келе калышты. Андан кийин алардын башчысына чалышып, аким келди, мэр келди болуп калышты, өзүм басып барган жокмун аякка. Айылдын пляжы бар, ошол пляж менен биздин талаанын ортосуна түштү, ал жак ээн талаа, жайыт. Мал жайылып жүргөн, уйлар качты, үрктү. Бизден айылга чейин 6-7 км да, айылдагылар "Үйлөр титиреп, люстралар калчылдап, уктап жаткан кишилер ойгонуп кетти", - деп айтышты, катуу эле болуптур. А биздин 500-600 метр эле жаныбызга түштү да, шок болуп калдык, эмне кыларыбызды билбей", -деди Сары-Камыш айылынын тургуну Касымбек Казиев.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары менен Сары-Камыш айылынын ортосунда алма багы бар Дастан Жумабаев бул күнү бактарын бутап, жаңы эле үйүнө кетип жатканда жарылуунун үнү чыккан.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Жуабаев, Сары-Камыш айылынын тургуну

"Ошол жакта биздин кашар, анан бак бар болчу. Мен бак кыркып жаткам, ошондо анан кечке маал бештерде го, үйдө жумуштар бар болчу, барып жуунуп алайын деп жатсам эле катуу үн чыгып жарылды. Ага чейин да бирөө айтып калды: "Сенин багыңдын жанында бир нерсе жарылды окшойт, батыраак келе кал" деп калды. Мындай карасам, бир кара түтүн чыгып жатат. Анан машинамды айдап алып барсам эле, менин талаамдын жанына эки ок-дары түшүптүр. Жер оюлуп, ӨКМ, милиция - бардыгы келип калыптыр. Мен негизи эртеден кечке ошол жерде бак-сак кыркып эле жүрөм, анан мен жокто ошол жерге түшүптүр. Мен ал жерде болсом, билбейм эмне болмок, кудай сактаптыр да", - деди Дастан Жумабаев.

Окуя иликтенет

Сары-Камыш айылынын жанында болгон жарылууга Орусиянын аскердик учагынан түшүп кеткен ок-дарылар себеп болгону расмий тастыкталды. Бул боюнча Коргоо министрлиги түшүндүрмө берип, окуу-машыгуу маалында Орусиянын Су-25 учагынан жерге эки ок-дары түшкөнүн билдирди.

"2026-жылдын 31-мартында саат 17:25 чамасында Орусиянын Кант шаарындагыавиабазасынын Су-25 учагы окуу-машыгуу учууларын аткарып жаткан кезде, авиациялык окуу каражаттарын колдонуу менен үчүнчү окуу айлануусунда 2 окуу ок-дарысы өз алдынча түшүп кеткен. Алар ээн жерге кулаган. Курмандыктар жана кыйроолор жок. Орусиянын Аба күчтөрүнүн командачылыгы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, ал жакын арада окуя болгон жерге келет" деп айтылат Кыргызстандын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Ошондой эле Коргоо министринин чечими менен окуу-машыгуу учуулары окуянын себептери такталганга чейин токтотулганы белгиленди. Учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2003-жылы ачылган "Кант" 999-авиабазасы ЖККУнун алкагында абадан колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Ал Орусиянын Борбордук аскердик округуна карап, бардык түрдөгү учактарды кабыл алууга жөндөмдүү.

Эки тараптуу келишимге ылайык, база 2058-жылга чейин иштейт. Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Бул базада аскердик учактардын катышуусунда машыгуулар өтүп турат.