Сары-Челек... Сагынткан таңы белек...

Бишкектин куйкалаган аптабы шаардыктардын бир тобун көлгө, тоого, айылга "качууга" мажбур кылды. Кайра шаарга келгиси келбей, ысыгынан заарканып тургандар да аз эмес. Сууга түшүп, тоо аралап, ат минип, сүрөткө түшүп айтоор эс алуучулардын сүрөтү интернет бетин каптап эле кетти. Биз бул жолу Кыргызстандын дагы бир ажайып жеринен жаңы эле тартылган сүрөт баянды сунуштайбыз. Ал көркөмү көз талдырган, мөлтүрөгөн Сары-Челек...

Чалкыган көл, туйлаган балык, нектар жыйнаган аары, керилген кайберен, тоонун таңын көрүп сиз да бир сергип алыңыз!

Эс алууга чыкканда желим баштык, таштанды калтырбооңуздарды өтүнөбүз, сиз да башкалардан тазалыкты, аяр мамилени талап кылыңыз.

Сары-Челек көлү бийик тоодогу эӊ кооз көлдөрдүн бири. Ал Чаткал тоо кыркасында деӊиз деӊгээлинен 1940 метр бийиктикте орун алган. Көл тереӊдиги боюнча Орто-Азияда үчүнчү, Кыргызстанда экинчи орунда турат. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр.

Сүрөттөрүбүздү көрүп, биз менен чогуу саякаттаңыз...

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сары-Челек көлү Чаткал тоо кыркасында деӊиз деӊгээлинен 1940 метр бийиктикте орун алган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көлдүн суусу таза деп эсептелип, аны ичкенге болот дешет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куйкалаган аптапта тоонун жели, Сары-Челектин деми болсо...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көл жайгашкан "Сары-Челек" коругу өзгөчө коргоодогу аймак болуп эсептелет. Ал жакта корукчулар эмгектенет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадрга кабылган кайберендер...Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөӊ аюу, каман, элик, эчки, теке, маралдар ж.б. бар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрдүү өсүмдүктөр, гүлдөр дагы коруктун көркүн ачып турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сары-Челекти курчаган капчыгайлардан ондогон суулар куюлуп турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ачык маалыматтар боюнча көл мындан 10 миӊ жыл мурда жер титирөөдөн улам пайда болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул кечээ жакында эле очойгон кар көчкүсү эле...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо койнундагы балчылык. Мындай табияттын гүлүнөн чогулган балдын даамы ооздон кетпесе керек...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Корукта жаңгак, арча, карагайлар да өсөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул гүлдөрсүз көрк кайда?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сары-Челекке эс алуучулар да барып, бири көлгө түшсө, бири кайыкка түшүп сейилдеп жүрөт...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо коюну толо мөлтүр суу...

Ушундай керемет жерге суктанып, санаадан арылганы миңдеген чакырым жол басып чет өлкөдөн келгендер канча? Табиятыбыздын кооздугуна арбалып, кете албай кайра-кайра сүрөт тартышып, мен укмуш бир жерде жүрөм, бул түштөгүдөй деп суктанган чет өлкөлүктөр четтен эле табылат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмне деген керемет...

Тилекке каршы дал ушундай жерге барып алып булгап, таштанды ыргытып, ал аз келгенсип бугу, маралын, кийигин атып, терисин тескери сыйрыгындар да жок эмес. Өткөн жылы Сары-Челекке канатташ жерде эле мындай окуя катталган. Тагыраагы бугу атылган. Биз ал шилтемени да жүктөдүк...

Кыргыз бийлиги тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы жана тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп чоң чакырык таштаган. Анда тоо, экология, эко-система маселеси негизги тема.

Сары-Челектен жаңы тартылган видеону, суусундагы туйлаган балыктардын видеосун бул жерден көрүңүз: Суктанткан Сары-Челек...

Сүрөттөрдү тарткан Медербек Ниязалиев.