Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаевдин кармалганы кабарланууда

Сүрөттүн булагы, Official
Айрым маалымат каражаттары Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин кармалганы тууралуу жазышты.
Маалыматтарга караганда, Тургунбаев бир күн мурда "Кыргызнефтегаз" ишканасына байланыштуу күбө катары тергөөгө чакырылган. Андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ички иштер министрлиги Тургунбаев боюнча расмий маалымат бере элек.
Мелис Тургунбаев ким жана анын "Кыргызнефтегаз" боюнча чуулгандуу ишке кандай тиешеси бар?
Тургунбаевдин эмгек жолу мунай тармагы менен тыгыз байланышта болуп келген. Ал 2013–2020-жылдары "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү, кийин төрагасы болгон.
2020–2021-жылдары аталган ишкананын башкармалыгын жетектеген. Ушундан улам анын бул иш боюнча тергөөгө чакырылып жатканы айтылууда.
2024-жылдын 26-июнунда Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалып, бул кызматта эки жылга жакын убакыт иштеди.
2026-жылдын 18-мартында парламент анын кызматтан кетүү арызын карап, Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырган. Тургунбаевдин кызматтан кетүү себептери расмий түрдө ачык айтылган эмес.
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп турган учурда президенттен эки жолу сөгүш алган. Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары министри болуп турган мезгилинде дагы бир жолу сөгүш берилген.
Айрым маалымат каражаттары Тургунбаевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адам катары сыпаттап келишкен.
Мамлекеттик салык кызматы жакында эле "Кыргызнефтегазда" ири коррупциялык схема аныкталганы боюнча билдирүү тараткан. Анда мамлекетке 4 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени айтылган. Бул иштин алкагында компаниянын мурдагы жогорку кызмат адамдары жана ишкана менен байланышкан жеке компаниялардын өкүлдөрү кармалганы маалым болгон. Буга чейин Камчыбек Ташиев жана иниси Шаирбек Ташиев да сурак берип чыккан.



























