Сүрөт баян: Түркияда күч сынаган “көчмөн аялдар”

Кыргызстандын курама командасы Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 58 медаль багындырды - анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль. Бирок оюндардын уюштуруучулары Кыргызстан медалдар боюнча канчанчы орунда болгонун азыркыга чейин ачыктай элек.

Би-Би-Синин кабарчылары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изникте болуп, Көчмөндөр оюндарына келген спортчу айымдарды тарткан. Бул сүрөт баянда салттуу жаа атуу жана “Алыш” бел боо күрөшү боюнча күч сынаган аялдарды көрө аласыз.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын курама командасы жаа атуу боюнча үч медалга ээ болду - бир алтын жана эки коло.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиева кыздар арасында командалык жарышта коло медал утту. Мындан сырткары, Асел Садырова жекелик беттеште кыздар арасында 3-орунду ээледи.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мелдешке 3 секунда калганда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Малайзиялык спортчулар чейрек финалга чейин жетип, бирок тилекке каршы утулуп калды”, - дейт спортчу Маис Лина.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз жана малайзиялык спортчулар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болгариялык Светалина бир жылдан бери жаа атып, Изникке биринчи жолу келгенин айтат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аида Акматова командалаштары Нурсултан Көлбаев жана Айдар Асылбеков менен ат үстүндө жаа атуу боюнча финалга чейин жеткен.

Кыргызстандын спортчулары эң көп “Алыш” бел боо күрөшү боюнча ийгиликтерге жетти. Курама командасы жалпы 19 медаль жеңди - анын жетөөсүн балбан кыздар багындырган.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нагира Сарбагышева 75 кг жогорку салмактагылар арасында чемпион болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Алыш” бел боо күрөшү боюнча мелдешке алты ирандык балбан кыз катышып, бешөө медаль багындырды дейт алардын машыктыруучусу.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал эми Элзада Момунжанова кыздар арасында 55 кг салмакта алтын медалды багындырды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “У нас боевой дух!” - дейт “Алыш” бел боо күрөшү боюнча украиналык машыктыруучу Виктория Дарда. Орус аскерлери Украинага басып киргенине сегиз ай болду.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыздар арасыда казак күрөшү боюнча Бегай Бейшанаалы кызы (55 кг) жана Сабрина Жээнбек кызы (65 кг) коло байге уткан.