Орусия күндүз жана түндө Украинага жүздөгөн дрондор менен сокку урду. Львовдо тарыхый монастырь өрттөндү

Сүрөттүн булагы, Social media
Шейшемби күнү күндүз Орусия Украинанын дээрлик бардык аймагына "жанкечти" учкучсуз аппараттары менен жапырт чабуул жасады. Львовдо 13 адам жаракат алды, "шахед" XVI кылымдагы бернардиндиктер монастырына тийди. Адатта мындай чабуулдар түнкүсүн болот, ошондуктан украиналык эксперттер кеп орус армиясынын жаңы тактикасы жөнүндө болуп жатат деп болжолдошууда.
"Жанкечти" дрондордун чабуулу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10до башталып, кечки алтыдан кийин гана аяктады. Шейшемби күнү кечинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү акыркы суткада орусиялыктар рекорддук санда - 948 дрон учурганын билдиришти. Алардын 906сы, украиналык аскерлердин ырастоосунда, атып түшүрүлгөн же радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен зыянсыздандырылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечки видео кайрылуусунда күндүзгү чабуулга ар кандай типтеги 550дөн ашык дрон катышканын айтты. Президенттин айтымында, 40тан ашык адам жабыркаган, анын ичинде беш бала бар.
"Орусиялыктардын бутага кылгандарынын ичинен энергетика - негизгиси, алар Украинаны жана биздин энергосистемабызды талкалоо үчүн өз операциясын улантышууда", — деди Зеленский.
24-мартка караган түнү Орусия Украинага учкучсуз аппараттар жана ракеталар менен жапырт айкалышкан сокку урду, анын натыйжасында Полтавада, Харьковдо, Запорожьеде жана Херсондо кеминде беш адам каза болду. Күндүз болсо "шахеддер" бир нече толкун менен Киевди, Днепрди, Винницаны, Львовду, Ивано-Франковскту жана башка шаарларды чабуулга алды. Украиналык мониторинг каналдары жазгандай, Украинанын асманында бир эле учурда жүздөгөн учкучсуз аппараттар болгон, алар Украинанын батышына катар тизилип, кирип келишкен. Алардын бир бөлүгү, атып түшүрүү кыйын болушу үчүн өтө ылдый учушкан.
Адатта Орусия мындай жапырт чабуулдарды түнкүсүн жасайт, анткени абадан коргонуу тутумдарына, мобилдик топтордун аткылоосуна кабылбоого аракеттенет. Ошондой эле караңгыда дрон-тоскучтарга абадагы буталарды атып түшүрүү кыйыныраак болот.
Львовдо, облустук администрация башчысы Андрей Садовый кечинде социалдык тармактарга жазгандай, 13 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. "Шахеддердин" бири Львовдун борборундагы XVI кылымдагы бернардиндиктер монастырына тийген. Ал жерде өрт башталган. Башка бир дрон Львовдун түштүк четиндеги Сыхов районуна кулаган. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига бул боюнча X социалдык тармагы аркылуу ЮНЕСКОнун жетекчилигине кайрылды. "Орусия өзгөчө маданий баалуулугу бар шаар жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Львовдун борбордук бөлүгүнө эч тартынбастан сокку урду. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасына зыян келтирилди. ЮНЕСКОнун башкы директорун бул кылмышка токтоосуз реакция кылууга чакырам", - деп жазды Сибига. Жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча, жалпысынан Львовдо учкучсуз аппараттар же алардын сыныктары үч жерге кулаган.
Ивано-Франковскто, облустук администрация башчысы Светлана Онищук өзүнүн телеграм-каналында билдиргендей, эки адам каза болуп, дагы төртөө, анын ичинде алты жашар бала жаракат алган. Ивано-Франковсктун мэри Руслан Марцинкив социалдык тармактар аркылуу орусиялыктар кайсы бир административдик имаратка "сокку урууга аракет кылышканын" жана жарылуунун натыйжасында башка имараттар, анын ичинде төрөт үйү жабыркаганын билдирди. "Тилекке каршы, төрөт үйүнүн жана айланадагы имараттардын терезелери жабыркады. Перинаталдык борбордогулардын баары баш калкалоочу жайларда болчу. Баары тирүү жана аман-эсен калышты", - деп жазды Марцинкив. Жергиликтүү телеграм-каналдар Винницанын борборуна "шахед" тийгенин кабарлашты. Киевге жасалган чабуул болжол менен кечки саат алтыга чейин созулду.
Абадан коргонуу ресурстарын түгөтүү аракетиби?
Aeris Rimor мониторинг жүргүзүүчү телеграм-каналы бул Украинанын абадан коргонуу тутумунун ресурстарын - өздүк курамын да, ок-дарыларын да - түгөтүү аракети болушу мүмкүн деп болжолдойт. "Бул натыйжа береби, көрөбүз. Душман азырынча дрондорду учурууну токтото элек", - деп белгилейт Aeris Rimor.
Орусия Днепрге "жанкечти" дрондору менен сокку уруп, натыйжада көп кабаттуу үй кыйрап, 12 адам, анын ичинде эки бала жаракат алды. Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Александр Ганжанын айтымында, көп кабаттуу үйдүн дубалдары, балкондору жана терезелери жабыркаган. Жогорку эки кабатында өрт чыккан. Днепрде жалпысынан он чакты көп кабаттуу үй жабыркаган.
Түнкү сокку: ар кайсы аймактарда беш адам каза болду
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
24-мартка караган түнү Орусия Украинанын көпчүлүк аймактарына дрондорду жана ракеталарды колдонуу менен жапырт сокку урду. Анын ичинде Полтавага баллистикалык ракеталар жана ондогон "камикадзе" дрондору менен бир нече сокку жасалды. Полтава облустук администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич билдиргендей, чабуулдун натыйжасында эки адам каза болуп, 11и жаракат алган, алардын арасында бир бала бар. Шаарда турак үйлөр жана мейманкана жабыркап, өрт чыккан. Соккунун кесепеттеринен улам Полтава облусунда шаар четиндеги поезддер кечигип жатат. Шаарда коомдук транспорттун кыймылында көйгөйлөр жаралды.
Запорожьеде чабуулдун натыйжасында көп батирлүү жана жеке үйлөр талкаланып, жабыркаган, беш адам жаракат алып, бир адам каза болгону белгилүү болду. Эртең менен Харьков облусунда темир жолго да сокку урулган. Орусиялык учкучсуз аппарат "Слатино — Харьков" багытында бараткан шаар четиндеги поезддин акыркы вагонуна тийген. Кооптуу белги берилгенден кийин дароо поезддин бригадасы жана кээ бир жүргүнчүлөр Слатино станциясындагы модулдук баш калкалоочу жайга жөнөшкөн, бул алардын өмүрүн сактап калган. "Тилекке каршы, бир адам каза болду. Алдын ала маалымат боюнча (тергөөчүлөр тарабынан текшерилүүдө), каза болгон адам баш калкалоочу жайга эвакуациялануудан баш тарткан", — деп билдирди "Укрзализниця" компаниясы. Винница облусунда тогуз турак үй жабыркаган, жабыркагандар жок экенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо.



























