Кумтөрдөн түшкөн киреше 5,1 млрд долларга жетти

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кумтөр мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин 2021-2025-жылдар аралыгында ишкананын жалпы кирешеси 5,1 млрд долларды (400 млрд сомду) түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 27-февралда, "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.

Кумтөрдүн эсебинен салык жана башка төлөмдөргө 1,2 млрд доллар (100,6 млрд сом) түштү. Дивиденддер 441 млн долларды (38,2 млрд сомду) түздү.

Адылбек Касымалиев 2020-жылы алтындын бир унциясы дүйнөлүк рынокто 1700 доллар турган болсо, азыр ал 4300 долларга бааланып жатканын айтты.

Ушул эле жыйында министрлер кабинетинин төрагасы былтыркы жылдын экономикалык жыйынтыгын чыгарды. Расмий маалыматка ылайыык, 2025-жылы Кыргызстандын бюджети 1 трлн 101,4 млрдга жетти.

Мамлекеттин бюджеттин ресурстары 976,3 млрд, кишелери 673,2 млрд, чыгашалары 623 млрд сомду түздү.

Салыктык кирешелердин көлөмү 461 млрд сомду түзчө, салыктык эмес кирешелер 184 млрд сомду түздү.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын май айында канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштеткен Кумтөр кенин мамлекеттик башкарууга алып, узак талаш-тартыштан кийин - 2022-жылдын апрелинде аны толук улутташтырган. Кыргызстан "Центерра Голдго" акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Учурда "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Кумтөр" компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат.