Ирандагы кыргыз элчилиги ишин убактылуу токтотту

Тегеран

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеран
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Мекеме кыргыз жарандарын Иранга баруудан убактылуу карманып турууга кайрадан чакырды.

"Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку сактык чараларын көрүү, жеке коопсуздук эрежелерин так сактоо, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так аткаруу керек. Ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдат көзөмөлдөө зарыл", - делет бул тууралуу билдирүүдө.

Согуштук аймактагы кыргыз жарандарында өзгөчө кырдаалдар жаралса же консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы болсо, ТИМдин Консулдук департаментинин ишеним телефонуна, ошондой эле Иран менен чектеш мамлекеттердеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө дароо кайрылуу керектигин сунуштаган.

Кыргыз бийлиги Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды алып келүү үчүн бир канча жолу авиакаттамдарды уюштурган. Согуш башталган учурда Перс булуңундагы мамлекеттерде жана ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында 20 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар экени айтылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Парижде өткөн "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Иран менен согуш дагы экиден төрт жумага чейин созулушу мүмкүн экенин билдирген эле. Жолугушуудан кийин ал Вашингтон Украина үчүн каралган курал-жарактарды Жакынкы Чыгышка кайра багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын да айтты.