"Айдарбеков боюнча ИИМден маалымат күтүүдөбүз". Чыңгыз Айдарбековго мандат эмне үчүн берилбей жатат?

Сүрөттүн булагы, socialmedia
- Author, Заирбек Бактыбаев, Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна келе турчу Чыңгыз Айдарбековго мандат тапшырыла элек. Бул коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал арада Айдарбековдун ишмердиги тууралуу видео таратылууда. Саясатчы өзү анын тегерегиндеги окуялар боюнча комментарий бере элек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге комментарий берип, Айдарбеков боюнча Ички Иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын айтты.
"Ички иштер министрлигинен маалымкат келе элек. Талапкер болгондо текшерген эмес белеңер деп да сурап жатышат. Ал убакта деле текшергенбиз. Тартип ошондой, шайлоо бүткөн маалда биз ошол текшерүүбүз менен эле мандатын бере беребиз. Ал эми кийин келип, мандат алып жаткандарды кайрадан ИИМден тактайбыз. Мисалы, азыр Бекмурза Эргешев деген депутаттын үстүнөн да анын соттуулугу тууралуу арыз түшкөн. Ал боюнча дагы ИИМден маалымат күтүп жатабыз", - деди Узарбек Жылкыбаев.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов мындай өтүнүчкө 14 күндүн ичинде расмий маалымат берилерин билдирди.
Ал арада соцтармактарда Чыңгыз Айдарбековдун ишмердүүлүгү тууралуу видео таратылып жатат. Анда анын дипломаттык ишмердигиндеги айрым иштери терс маанайда баяндалат.
"Түркмөнстандан куулган, виза менен соода кылган, контрабандага аралашкан, мүлкүн жашырган" деп башталат беш жарым мүнөттүк ал видео.
Анын аудиосу жасалма интеллектке окутулгандай деп жатышат. Ушуга окшош эле үн буга чейин да айрым депутат-саясатчылардын ишмердиги тууралуу тараган видеолордо да кездешкен. Аларды ким таратып жатканы аныктала элек.
Айдарбеков өзү тараган видеого жана мандат берүү эмне үчүн кечигип жатканына байланыштуу комментарий бере элек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
18-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган мандаттарын башка талапкерлерге өткөрүп берген. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ал күнү №21 округ боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, бирок кенен маалымат берген эмес.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Чыңгыз Айдарбековду жаш саясатчы, эки-үч муунунан бери интеллигент болуп келе жаткан үй-бүлөнүн баласы деп сүрөттөдү.
"Эгер кыймыл аракетинде кандайдыр бир туура эмес иштери болсо, депутат болуп да катталмак эмес, талапкер болуп да катталмак эмес, министр болуп да иштемек эмес, комитетти да жетектемек эмес болчу. Бул депутат болуп катталып, анан мандатын ала турган кезде кандайдыр бир негиздер бар экен дегенге мен ишене бербейм. Бул саясий жактан гана чектөө болушу мүмкүн. Чыңгыз Айдарбековго эмне үчүн мандат берилбей жатат? Бул жетинчи чакырылышта Эл аралык комитетти жетектеп турганда Кембир-Абад маселеси, Кыргызстан-Өзбекстан боюнча чек ара маселеси чечилип жатканда өзүнүн каршы пикирин билдирип, ратификацияга келгенде карабайм деп баш тарткан. Менде негизги маселе ушул жерде жатса керек деген пикир жаралып жатат", - деди Рыскелди Момбеков.
Чыңгыз Айдарбеков – экс-депутат, мурдагы тышкы иштер министри. Ал 1998-жылдан тарта Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтерде эмгектенген. 2016-2018-жылдары Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон.
Ошондой эле Президенттик администрацияда иштеген, Жогорку Кенештин аппаратында эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеген.
2018-жылдын 17-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен.
2021-жылы "Альянс" партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, парламентте Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетин жетектеген. Айдарбеков 2022-жылы "Кемпир Абад" маселесине жана Өзбекстан менен чек ара келишимине каршы добуш берген. Ага чейин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кеткен. Кийин дипломатиялык рангынан ажыратылганы айтылган.
Чыңгыз Айдарбеков былтыркы парламенттик шайлоого Бишкектеги №21 шайлоо округунан катышып, эркек талапкерлер арасынан Жаныбек Абиров менен Куванычбек Конгантиевден кийин келип, 6259 (15,7%) добуш алган.
№21 шайлоо округунан шайланган Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Андан бир күн мурун социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Көп өтпөй ал "жер тилкелери боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурган" деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Акыркылардан Гүлсүнкан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Кубанычбек Конгантиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.



























