Киевдеги атышуу: Алты адам каза тапты, барымтадагылар бошотулду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевде ок атылган жерге тез жардам унаалары келди
    • Author, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ишемби күнү Киевде белгисиз адам Голосеев районунда адамдарга ок чыгарды. Андан алты киши каза болду. Кол салган адам кармоо учурунда өлтүрүлдү. Укук коргоо кызматкерлери ал баррикада түзүп алган супермаркетти штурм менен алышкан.

Адеп бийлик өкүлдөрү беш киши каза болгонун билдиришкен. Андан кийин жаракат алган дагы бир аял ооруканада каза болгону маалымдалды.

Он төрт киши жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Украин президенти Владимир Зеленский жабырлангандардын арасында 12 жаштагы өспүрүм бар экенин айтты. Бийликтин маалыматына караганда, алардын бардыгына керектүү жардам көрсөтүлүүдө. Барымтага алынган төрт адам аман-эсен куткарылды.

«Голосеев районунда көчөдө жаракат алгандардын арасында бала бар. Дарыгерлер аны ооруканага жеткирүүдө. Чоңдордун абалы текшерилип, аларга жардам көрсөтүлүүдө», — деп жазды социалдык тармактарга Киев шаарынын мэри Виталий Кличко.

«Улуттук полициянын Чукул жана ыкчам аракет көрүү корпусунун (КОРД) атайын бөлүктөрү кылмышкер жүргөн дүкөнгө штурм жасашты. Ал адамдарды барымтага алып, кармоо учурунда полиция кызматкерлерине ок чыгарган. Буга чейин сүйлөшүү жүргүзгөндөр аны менен байланыш түзүүгө аракет кылышкан», — деп билдирди полиция.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Маалыматка караганда, эркек киши алгач көчөдө өтүп бара жаткандарга ок чыгарып, андан кийин Украинанын борборундагы Голосеев районундагы супермаркетте адамдарды барымтага алган.

Украинанын башкы прокурору Руслан Кравченко билдиргендей, ок чыгарган адам Москвада туулган 58 жаштагы киши.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал автоматтык курал колдонгон. Ошол эле учурда кол салган адам катталган батирде өрт чыккан», — деди Кравченко.

Көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде «Франц-пресс» агенттиги кол салган адамдын кошуналары менен сүйлөшкөн. Алар ал жерде өрт болгонун тастыкташкан. Кошуналардын биринин айтымында, ал бул батирде болжол менен 10 жыл жашаган, бирок кошуналар менен сейрек сүйлөшчү.

Учурда «анын орус жарандыгы бар экенин тастыктаган эч кандай маалымат жок» экенин «Франц-пресске» Украинанын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Марьяна Рева билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жабыркагандардын арасында ок аткан адам кирип барган супермаркеттин күзөтчүсү да бар.

Социалдык тармактарда болжол менен винтовка же автомат көтөргөн эркек киши чуркап бара жатып, турак жайлардын аймагында адамдарга ок чыгарып жатканын көрсөткөн көптөгөн видеолор пайда болду.

Окуя болгон жерге дароо полициянын бөлүктөрү жана КОРД атайын бөлүктөрү жөнөтүлгөн.

Кылмышкер күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, ок аткан. Ал, балким, граната колдонгону да кабарланды.