Ирандагы согуштун курчушунан газдын баасы көтөрүлдү. Бул Орусиядан башкасына эмнеге жаман?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Алексей Калмыков, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Иран Америка менен Израилге каршы согуштун жаңы баскычына өткөндүгүнө байланыштуу бейшемби күнү Европада газдын баасы 30%, ал эми дүйнөдө мунай 7% кымбаттады. Ислам Республикасы кечээ жакында Израилдин Перс булуңундагы дүйнөдөгү эң ири газ кенинин Иранга таандык бөлүгүнө жасаган соккусуна жооп катары, Катардагы дүйнөдөгү эң чоң газ заводун бомбалай баштады. Бул кенди Иран менен Катар бөлүшөт.
Кечээ Катардагы Рас-Лаффан комплексине жасалган соккудан кийин, бейшембиде дагы бир сокку урулду. Катар кыйроолор олуттуу экенин билдирди. Рас-Лаффан дүйнөдөгү суюлтулган газдын 25% өндүрөт. Анын 80% Азияга жөнөтүлөт, ал жерде Пакистан сыяктуу кээ бир өлкөлөр дээрлик 100% Катардын газына көз каранды.
Согуш башталганда эле Катар заводду жапкан, анткени тегерек четте атышуу болуп, Иран Перс булуңунан чыгуучу жалгыз кууш жолду - Ормуз кысыгын жаап салгандыктан, суюлтулган газды алып чыгуу мүмкүн болбой калган. Рас-Лаффандагы "форс-мажор" абалы өзүнчө эле дүйнөдө газдын таңкыстыгына жана баанын өсүшүнө алып келген, бирок азыр кырдаал кескин өзгөрдү.
Убактылуу транспорттук мүчүлүштүктөр бир башка, ал эми заводдун талкаланышы такыр башка маселе. Биринчисин калыбына келтирүүгө апталар кетсе, талкаланган нерсени кайра куруу алда канча татаал. Анын үстүнө, Катар жыл аягында Рас-Лаффандын жаңы бөлүгүн ишке киргизиши керек болчу жана согушка чейинки баалар рынокто газ ашыкча болот деген күтүүнү чагылдырып турган. Ошондуктан европалыктар жайында баа түшөт деген үмүт менен келерки кышка карата жер астындагы кампаларын толтурууга шашылышкан эмес.
Натыйжада, акыркы суткада газ рыногунда татаал кырдаал жаралды. Азиялык сатып алуучулар рынокто калган партиялар үчүн каалаган акчасын төлөөгө даяр, бирок европалыктар байыраак жана атаандашууга кудурети жетет. Ошондуктан, Европа газды Катардан эмес, АКШдан сатып алганына, ал эми түтүк аркылуу Норвегия менен Африкадан алганына карабастан, ал жакта суюлтулган газдын баасы өсүүдө.
Биз ушундай эле кырдаалды Орусия Украинага басып киргенден кийин жана Кремлдин Европага газды бууп салуу чечиминен кийин көргөнбүз. Анда Европада газдын баасы мегаватт-саатына 300 еврого чейин көтөрүлгөн, бирок Евробиримдик бара-бара орус газысыз жашоону үйрөнүп, иран согушуна чейин, кыш суук болгонуна карабай, баалар 20-30 еврого чейин түшкөн.
Ирандагы бомбалоолор башталганда баалар болжол менен 50 еврого чейин көтөрүлдү. Бирок жеткирүүдөгү убактылуу мүчүлүштүктөр коркунучу Перс булуңундагы газ кендерин жана заводдорун жок кылуу коркунучуна айланганда, бейшемби күнү эртең менен баалар 70 евродон ашып кетти. Салыштырмалуу айтсак - мунай болгону 7%га кымбаттады.
Катардын суюлтулган газын алмаштырууга эч нерсе жок. Дүйнөдөгү эң ири газ өндүрүүчү - АКШ, бирок алардын кубаттуулугу ансыз деле чегине жетип иштеп жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Европа рыногунда газ сунушун тез арада көбөйтүп, бааларды түшүрө алган жалгыз тарап - бул Орусия. Анын Европага багытталган "Түндүк агым-2" түтүгүнүн иштеп жаткан тармагы, Украина аркылуу өткөн газ түтүгү жана газды суюлтуучу кубаттуулуктары бар.
Бирок орус газы Украинага басып киргендиги үчүн Батыштын санкцияларында турат жана Европа аларды алып салууну гана эмес, орус газынан таптакыр баш тартууну көздөйт. Газ кризиси масштабдуу мүнөзгө ээ болсо, бул пландарды Кремлдин европалык союздаштары - Венгрия менен Словакия гана эмес, жакынкы убакка чейин орус газын алып келген Австрия менен Италия, ошондой эле учурдагы кризистин негизги баштоочусу - Дональд Трамп да жокко чыгарышы мүмкүн.
АКШ дүйнөлүк бааларды түшүрүү үчүн орус мунайынан санкцияларды буга чейин эле алып салган. Газ маселесинде Орусиянын көзүрү андан да көп, анткени мунайдан айырмаланып, дүйнөдө газдын стратегиялык запастары жок, ал эми өндүрүштү жана жеткирүүнү тез арада көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү дээрлик толугу менен Ямалда топтолгон.



























