Ош: Мейманканадагы жазуу боюнча милиция экспертиза дайындап, Израил элчилиги нааразылык билдирди
Ош шаарындагы мейманканалардын бирине илинген, антисемиттик делген мазмундагы тактайча боюнча милиция териштирүү баштап, Израилдин дипломатиялык өкүлчүлүгү нааразычылыгын билдирди. Буга чейин Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жөөттөрдү кемсинткен тактайча илинип турганы тууралуу маалымат тарап, талкуу жараткан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун Би-Би-Сиге билдиришинче, аталган факты 20-апрелде каттоого алынган. Маалыматты алгач экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү расмий билдирме аркылуу кабарлаган.
Учурда мейманканадагы бул окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбө болгон атуулдар суракка алынып, тергөө кызматы тарабынан лингвистикалык экспертиза дайындалган. Ошонун жыйынтыгы менен тергөө кызматы тиешелүү чараларды көрөт" - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков.
Аталган тактайчага байланыштуу Израилдин Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратты.
Дипломатиялык өкүлчүлүк бул "ачык антисемиттик жана кемсинтүүчү билдирүүлөрдү" камтыйт деп айыптап, аны "кабыл алынгыс жана теңсиздик, адамдык ар-намыс принциптерине каршы келет" деп баалаган.
Би-Би-Си окуянын чоо-жайын билүү үчүн жогорудагы мазмундагы тактайча илинген делген "VILLA" мейманканасы менен байланышты. Мейманкананын кызматкери учурда тактайча алынып салынганын, тергөө бүткүчө кошумча маалымат бере албастыгын билдирди.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт