Ирак: ас-Садрдын тарапташтары парламентин имаратын басып алды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Шиит лидери Муктада ас-Садрдын жүздөгөн тарапташтары 27-июлда Багдаддагы кайтарылган “Жашыл зонага” басып кирип, Ирак парламентинин имаратын ээлеп алышты.  

Муктада ас-Садрдын тарапташтары өлкөнүн премьер-министрлигине анын атаандашы Мохаммед ас-Суданинин дайындалышына каршы чыгышууда - митингчилер аны “Ирандын кишиси” деп эсептешет. 

27-июлда Ирак 290 күн бою толук кандуу өкмөтсүз болуп, өзүнүн антирекордун жаңыртты. Буга чейинки рекорд – 289 күн, ал 2010-жылы коюлган.  

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламентте бир дагы депутат болгон жок, бир гана демонстраттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министрдин м.а. Мустафа аль-Кадими демонстраттарды тарап кетүүгө чакырды, бирок садрчылар ага кулак салышкан жок

Сүрөттүн булагы, AHMED JALIL/EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK

Ас-Садр жетектеген “Ас-Садрчылар кыймылы” 2021-жылдын октябрында өткөн шайлоодо салыштырмалуу көп добуш алган, бирок ушул убакка чейин бийликке келе алган жок. Жаңы өкмөттү түзүү тараптардын, баарынан мурда шиит жана күрт топтордун, келишпестигинин айынан токтоп калган.

Парламенттин имараты Багдаддын белгилүү, кылдаттык менен корголгон “Жашыл зонасында” жайгашкан. Бирок, Багдад берген маалымат боюнча, полиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу аткычтарды колдонгонуна карабастан имаратты басып алгандарды тобун токтото алышкан эмес. 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ас-Садрчылардын бири парламент спикеринин столуна жатып алып сүрөткө түштү

Окуя болгон маалда имаратта депутаттар болгон эмес. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу Мустафа аль-Кадими демонстраттарды имараттан чыгып кетүүгө чакырды, бирок алар аны укпастан ызы-чуу улантып, желектерди булгалап, ырдап, бийлеп, эмеректерге жатып алып сүрөткө түштү. Аль-Кадими тогуз айдан бери кызматын тапшыра албай жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция башында митингчилерди токтото алган, бирок кийинчерээк алар баары бир бастырып кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Толук кандуу өкмөттүн жоктугунан улам  Ирак бул жылы бюджетин беките албай, ал эми анын инфраструктуралык долбоорлору жана реформалары каржылоосуз калды. 

Муктада ас-Садрдын тарапташтары буга чейин дагы, 2016-жылдагы башаламандыкта парламентке бастырып кирген. 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ас-Садрдын тарапташтарын көздөн жаш чыгаруучу газ да, суу аткычтар дагы токтото алган жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садрчылар парламенттин алдында

2019-жылы Иракта мындан да олуттуу башалмандыктар болгон - чогулган эл коррупцияга, жумушсуздукка жана жакырчылыкка нараазы болуп чыгышкан. Анда жүздөгөн адам каза болгон.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: