Red Petroleum май куюучу жайлардын башчысы Акылбек Маматов тил кат менен абактан бошотулду
Сүрөттүн булагы, Akipress
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Red Petroleum май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматовдун бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 17-апрелинде өткөн отурумда тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Ага ылайык, буга чейин кабыл алынган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө түрүнө алмаштырылды.
Маматов Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өтүп жатат. 15-апрелде ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген болчу. Акылбек Маматов Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу.
Укук коргоо органдары Акылбек Маматовдун кармалышы жана ага козголгон кылмыш иши боюнча маалымат таратышкан жок.
Узак жылдардан бери мунай тармагында иш жүргүзгөн Маматовдордун үй-бүлөсү УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышта экени айтылат.
Март айында Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасында текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү коррупциялык схемалар аныкталганын жарыялаган. Иликтөөдө аталган ишканадагы жемкорлук фактыларына Ташиевдердин тиешеси бар экени айтылган. Бул иш боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, мамлекетке келтирилген жалпы зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланган.
2-апрелде "Кыргызнефтегаз" иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев камалган.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт