Куралчан адамды токтотуп калган мектеп директору
Куралчан адамды токтотуп калган мектеп директору
АКШнын Оклахома штатындагы мектепте куралчан адамды токтотуп калган директор Кирк Мур ооруканадан чыкты. 7-апрелде мурда бул мектепте окуп кеткен Виктор Хокинс аттуу адам окуу жайга тапанча көтөрүп кирген. Кирк Мур аны дароо басып жыгылып, туш келди ок атууга жол берген эмес. Хокинске курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу сыяктуу бир нече берене менен айып тагылууда.