Батыш жээкте жөөт өспүрүмүнүн өлүмүнөн кийин палестин айылдарына кол салуу болду

ыв

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Том Беннетт жана Жеймс Уотерхаус
    • Role, Би-Би-Си, Иерусалим
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бул Би-Би-Си кабарчыларынын репортажынын орус тилинен которулган котормосу. Түп нускасын англис тилинде бул жерден окууга болот.

Экстремисттик маанайдагы жөөт отурукташуучулары Израил тарабынан басып алынган Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестиналык айылдарга бир катар чабуулдарды жасап, үйлөрдү, автоунааларды жана айыл чарба талааларын өрттөштү. Зордук-зомбулуктун курчушу ишемби күнү 18 жаштагы отурукташуучу Иегуда Шерман каза болгондон кийин башталды.

Маалыматтарга караганда, квадроцикл айдап бараткан өспүрүмдү палестиналык жаран башкарган унаа сүзүп кеткен. Полиция бул окуя атайын жасалган кол салуубу же кокустукпу деп изилдөөдө. Бул окуяга жооп катары отурукташуучулар колдонгон WhatsApp мессенжериндеги чаттарда Шермандын өлүмү үчүн "өч алуу өнөктүгүнө» чакырыктар башталган.

Израилдик маалымат каражаттары Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып билдиргендей, бир түндүн ичинде отурукташуучулар тарабынан 20дан ашык кол салуу катталган. АКШ менен Израил Иранга чабуул жасагандан бери отурукташуучулар тарабынан жасалган зордук-зомбулук окуялары көбөйдү: БУУнун маалыматы боюнча, 1-марттан бери отурукташуучулар алты палестиналыкты өлтүрүштү.

Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) билдирүүсүндө, ишемби күнү кечинде израилдик отурукташуучулар "имараттарды жана мүлктөрдү өрттөп, аймакта башаламандык уюштуруп жатат" деген маалыматтардан кийин ЦАХАЛ аскерлери жана чек ара полициясынын бөлүктөрү бир нече палестиналык айылдарга жөнөтүлгөнү айтылат. Жалуд, Карьют, Аль-Фундукмия жана Силат аль-Дхах айылдары чабуулга дуушар болду.

Интернетте тараган видеотасмада (Би-Би-Си аны көз карандысыз түрдө текшере алган жок) кара кийимчен, көбү маска кийген 90дон ашык адамдын Жалуд айылына чуркап баратканы көрүнөт. Башка видеолордо күйүп жаткан унаалар, терезелери талкаланган имараттар жана тез жардам унааларынын сиреналары угулат. Сүрөттөрдүн биринде имараттын дубалына боёк менен "Иегуда үчүн өч алабыз" деп жазылганы көрүнөт.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому Жалудда кеминде үч палестиналык башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди. Израилдик ЖМКлардын кабарына караганда, отурукташуучулардын чатында: "Жөөттөр төгүлгөн жөөт каны үчүн унчукпай калбайт", - деген билдирүүлөр жазылган. Башка бир билдирүүдө: "Биз өч алууну жана душманды кууп чыгууну талап кылабыз", - деп айтылат.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги бул кол салууларды айыптап, муну "Орозо айт майрамы учурунда үйлөрдү жана мүлктөрдү өрттөө, тынч жашоочуларды коркутуу жана өлтүрүү, ошондой эле маанилүү жолдорду жана көчөлөрдү аткылоо" деп атады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израилдин полициясы жекшемби күнү чек арачылар Дейр аль-Хатаб айылынын жанында беш кишини камакка алганын билдирди. Ошондой эле бир нече израилдик Итамар конушунун жанында коопсуздук күчтөрүнө кол салып, бир офицер жаракат алганы кабарланды. Полиция «экстремисттик маанайдагы зордукчул адамдарга карата эч кандай токтоолук көрсөтүлбөйт» деп баса белгиледи.

Палестиналыктардын укуктарын коргоо менен алектенген "Еш дин" израилдик укук коргоо тобу бул окуяларды "талоончулук түнү" деп атады. "Пландалган чабуулдар тууралуу маалымат болгонуна карабастан, коопсуздук күчтөрү дагы бир жолу тийиштүү түрдө даярдык көрүшкөн жок. Талоончулукту алдын алуу үчүн эч кандай чаралар көрүлгөн жок", - деп айтылат топтун X тармагындагы билдирүүсүндө. Жекшемби күнү Иегуда Шерманды акыркы сапарга узатуу зыйнатына 500дөн ашык адам, анын ичинде палестиналыктарга каршы зордук-зомбулукка үндөгөнү үчүн Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн санкциясына кабылган Израилдин финансы министри Бецалель Смотрич катышты.

Жекшемби күнү кечинде жөөт отурукташуучулары нааразылык иретинде Батыш жээктеги жолдорду тосуп алышты. Ошондой эле отурукташуучулардын топтору кайрадан палестиналык айылдардын жанына чогула баштаганы тууралуу тастыкталбаган кабарлар чыгууда. WAFA маалымат агенттиги алар Наблустун түндүк-батышындагы унаа жуучу жайды өрттөп жиберишкенин кабарлады.

Ушул айдын башында ЕБ жана Улуу Британия Израилден 28-февралда Иран менен согуш башталгандан бери күчөгөн палестиналыктарга каршы зордук-зомбулукту токтотууну талап кылган. БУУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери жети палестин израилдик отурукташуучулар тарабынан, ал эми 18и израилдик күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн. Бул өлүмдөрдүн 15и Иран менен согуш башталгандан кийин болгон.

Израилдин "Авода" партиясынын лидери Яир Голан акыркы чабуулдарды айыптап, буга Израил өкмөтүн күнөөлөдү: "Биз Иранда жана түндүк чек арада согушуп, ракеталык чабуулдарга дуушар болуп, көптөгөн оор жаракат алгандар бар кезде, бул өкмөт тоталдык анархияны колдоп жатат. Жөөт терроризми согушту өз кызыкчылыгына колдонуп, экстремисттик министрлердин колдоосу жана премьер-министр менен коргоо министринин кооптуу шыктандыруусу астында жайылууда".

ЦАХАЛдын Башкы штабынын башчысы генерал-лейтенант Эяль Замир Батыш жээктеги отурукташуучулардын зордук-зомбулугун "моралдык жана этикалык жактан кабыл алынгыс" деп атады.

Израил 1967-жылкы согуштан бери Батыш жээкте жана Чыгыш Иерусалимде 700 000 жөөт жашаган 160ка жакын конуш курган. Палестиналыктар бул жерлерди Газа менен бирге келечектеги мамлекети үчүн колдонууну каалашат. Бул аймактарда болжол менен 3,3 миллион палестиналык жашайт.

Эл аралык укукка ылайык, бул отурукташуулар мыйзамсыз болуп саналат.