Колумбияда учак кулап, алтымыштай киши каза болду
Колумбияда учак кулап, алтымыштай киши каза болду
Колумбияда аскердик-транспорттук учак кырсыкка учурады. Акыркы расмий маалыматтарга караганда, кеминде 66 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды.
Колумбия армиясынын басма сөз атташеси билдиргендей, Hercules С-130 учагы Колумбия менен Перунун чек арасындагы Пуэрто-Легисамо шаарчасындагы базадан учуп чыккандан көп өтпөй кулаган. Колумбиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачысы Карлос Фернандо Сильва Руэданын айтымында, бортто 114 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү болгон.
Президент Густаво Петро коомдук сайттагы баракчасына 77 адам ооруканага жеткирилгенин, ал эми 43 киши дагы деле табыла электигин жазды. Куткаруучулар учактын сыныктарын тазалап, ал кулаган аймакты тинтип жатышат.



