Талдоочу Бакыт Жумагулов жана журналист Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды
Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-апрелдеги чечими менен саясий эксперт Бакыт Жумагуловдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны абактан үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Ал "массалык башаламандыктар" беренеси боюнча айыпталууда.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 6-7-апрелде президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырган 75 кишинин кайрылуусу боюнча камалган алты кишинин камактагы мөөнөтүн узарткан. Бул иш боюнча кармалган саясат талдоочу Бакытбек Жумагуловдун да камактагы мөөнөтү 10-июнга чейин узартылган. Анын бул кылмыш ишиндеги ролу тууралуу маалымат жок. Жумагулов кайрылууга кол койгон 75 кишинин арасында болгон эмес. Бакытбек Жумагулов акыркы жылдары өзүн Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору катарып тааныштырып келген жана коомдук-саясий окуялар тууралуу пикирин айтып жүргөн.
Ал арада УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, журналист Нургазы Анаркулов да үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.
Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, 7-апрелде тергөө кызматы камактагы Анаркуловдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандыктар" беренеси боюнча айып тагылууда.
Буга чейин Нургазы Анаркуловдун кесиптештери мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, аны камактан бошотууну суранышкан.
Нургазы Анаркулов үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Казакстан менен чек арадан Кыргызстанга кирип жаткан жеринен кармалган. Анын кармалышы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийинки учурга туш келген.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды. Ошондой эле айрымдары камалды.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт