Элчи Өмүрбек Текебаев талкуу жараткан сөзүнө түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Facebook

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы акыркы билдирүүсүнөн улам келип чыккан талаш-тартыштарга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Талкууга элчинин 19-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Берлинге болгон сапарынан кийин жазган посту себеп болгон. Анда Текебаев өзүнүн жана Маматалиевдин кызматка келген шарттарын салыштырып, "удачный госпереворот" жана "неудачный госпереворот" деген сөздөрдү колдонгон.

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди. Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен "удачный госперевороттон" кийин шайлансам, Марлен "неудачный госперевороттон" кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия - бир" деп жазган элчи.

Анын ушул сөздөрү талкуу жараткандан кийин Текебаев көп өтпөй буга түшүндүрмө берип, дагы бир постун жарыялады.

"Менин постумдагы тырмакчалар - бул ырастоо да эмес, юридикалык баа да эмес. Бул - кырдаалды шарттуу, публицистикалык аталыш менен берүү ыкмасы. "Удачный госпереворот» же "неудачный госпереворот" деген формулировкалар фактты түз констатациялоо эмес. Бул - татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген ирониялык, жалпыланган формула" деген Текебаев.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, анын максаты - жаш кесиптеши Марлен Маматалиевдин миссиясы тарыхый жактан оор экенин белгилеп, ага ийгилик каалоо болгон.

"Айрым дооматтарда "күнөөсүздүк презумпциясы" бузулду деген пикирлер айтылууда. Бирок бул түшүнүк бул жерде туура колдонулган жок. Күнөөсүздүк презумпциясы — бул юридикалык принцип. Ал конкреттүү адамга карата, конкреттүү кылмыш боюнча айып коюлуп, иш тергөө жана сот процессинин алкагында каралганда гана колдонулат" деди элчи.

Парламенттин спикери Марлен Маматалиев Германияга 17-18-апрелде Германияга расмий сапар менен барган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал Кыргызстандагы 10-февралдан кийинки саясий өзгөрүүлөдөн улам спикерликтен кеткен Нурланбек Турунбек уулунуну ордуна парламент төрагасы болуп шайланган.

9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, алты киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.

Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.

Анткени кат жарыялангандан бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.