АКШ Ирандын жүк ташуучу кемесин басып алды, Ормуз кысыгы ачыла элек

Сүрөттүн булагы, US Central Command/X

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ок атышпоо келишиминин шарттарын бузду деп айыптап, өлкөнүн маанилүү инфраструктурасы, анын ичинде көпүрөлөр жана электр станциялары жок кылынат деп Тегеранга сөөмөй кезеди. Ирандын бийлиги өз кезегинде америкалык аскерлер Оман булуңунда Ирандын желеги алдында келаткан жүк ташуучу кемени басып алгандан кийин элдешүү келишимин АКШ бузганын ырастоодо.

Ал арада Жакынкы Чыгыштын мунайы ташылган Ормуз кысыгы жабык бойдон кала берүүдө.

"Бүгүн узундугу дээрлик 900 фут [болжол менен 275 метр] болгон, Ирандын желеги алдында келаткан Touska жүк ташуучу кемеси деңиздеги блокадабызды бузганга аракет кылды, бирок бул максаты ишке ашкан ок. АКШнын Аскер-деңиз флотунун Spruance ракеталык эсминеци Оман булуңунда "Тусканын" жолун тосуп, ордунан жылбашын талап кылды. Ирандын экипажы талапты аткаруудан баш тарткандыктан, биздин кеме алардын машиналык бөлүмүнө сокку уруп, кемени күч менен токтотту", - деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына.

"Ушул таптка кеме АКШнын деңиз пехотасынын карамагында турат. Touska буга чейинки мыйзамсыз иштери үчүн АКШнын Финансы министрлигинин санкцияларына кабылган. Биз кемени толук көзөмөлдөп, ичинде эмнелер бар болгонун текшерип жатабыз", - деп кошумчалады америкалык президент.

Ирандын бийлиги кеменин басып алынышын "каракчылык актысы" жана "элдешүү келишимин бузуу" деп баалап, жооп кайтарууга убада берди.

Сүйлөшүүлөрдүн тагдыры бүдөмүк

Чөлкөмдөгү кырдаал кайрадан курчуган чакта АКШ менен Ирандын ортосунда ушул аптада Пакистанда өтүшү керек болгон сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын тагдыры бүдөмүк бойдон калууда.

Трамп өзүнүн соцтармагында анын өкүлдөрү Исламабадга жөнөп кеткенин билдирди.

"Биз абдан адилеттүү жана акылга сыярлык БҮТҮМДҮ сунуштап жатабыз жана алар аны кабыл алат деп үмүттөнөм. Эгерде макул болушпаса, анда АКШ Ирандагы бардык электр станцияларын жана ар бир көпүрөнү жок кылат, - деп жазды Трамп. – ЭМИ ЭРКЕЛЕТИП ОТУРБАЙБЫЗ! Алар абдан тез жана оңой кулашат. Эгерде алар кепке келбесе, анда соңку 47 жылда башка президенттер Иранга байланыштуу жасашы керек болгон иштерди мына, мен жасайм".

Буга чейин Трамп Ирандын маанилүү инфраструктурасын талкалайм деп коркуткан, ушундан кийин тараптар эки жумалык элдешүү келишимин түзүп, тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган.

Ак үйдүн өкүлү Би-Би-Сиге билдиргендей, Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө америкалык делегацияны кайрадан вице-президент Жей Ди Вэнс жетектеп барат. Консультацияларга ошондой эле Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер да катышат.

Ирандын делегациясы Исламабадга шейшембиде келиши мүмкүн деген бейрасмий маалымат чыккан. Акыркы жолу аны Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жетектеп келген болчу.

Бирок кечээ Ирандын мамлекеттик маалымдоо каражаттары АКШ Ирандын портторун блокадага алуусун улантып жаткан чакта Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышууну пландабай турганын жазышты.

Блокада тууралуу тараптар эмне дешүүдө

Бир күн мурда Иран Ормуз кысыгын кайрадан жаап, АКШ Ирандын кемелери менен портторун блокадага алуусун токтомоюнча, ачпай турганын билдирген.

Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф тараптардын ортосунда бир-эки гана талаштуу маселе калганын белгилеп, бирок сөз эмне тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Жекшемби күнкү билдирүүсүндө Трамп Иранды ок атышпоо келишиминин шарттарын бузду деп айыптады. Трамп "Тегеран кечээ Ормуз кысыгында француз кемеси менен Улуу Британиядан келаткан жүк ташуучу кемени аткылаганын" билдирди.

АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өткөн Ирандын кемелерин блокадага алууну улантып жатат. Пентагон блокада башталгандан бери 23 кеме артка кайтарылганын билдирди.

Ошол эле учурда Ирандын Аскер-деңиз күчтөрү АКШнын блокадасын "элдешүү келишиминин шарттарын бузуу" катары баалап жатат.

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн хронологиясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Женевада Тегеран менен өтүп жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

6-мартта Дональд Трамп "Иран эч кандай шартсыз багынып берүүгө макул болмоюнча, келишим түзүлбөйт", - деп билдирген.

21-мартта Иран Ормуз кысыгын ачууга макул болбосо, Трамп Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку ураарын айтып, соңку мөөнөттү да белгилеген.

23-мартта Трамп "сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун" билдирип, соңку мөөнөттү кийинкиге жылдырганын айткан.

7-апрелде Трамп кысык кезектеги кийинки мөөнөткө чейин ачылбаса, "бүтүн бир цивилизация" жок болорун эскерткен.

8-апрелде Пакистан ортомчу болуп, андан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШ менен Ирандын ортосунда эки жумалык элдешүү башталган.

11-апрелде АКШ менен Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү, анын ичинде вице-президент Жэй Ди Вэнс жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Пакистанда жолугушкан. 21 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон менен Тегеран негизги талаштуу маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

12-апрелде Трамп Ирандын порттору блокадага алынганын билдирди.

17-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи кысык элдешүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин ачык болорун жарыялады. Трамп болсо АКШнын блокадасы улана берерин айтты.

18-апрелде Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу кысык кайрадан жабылганын билдирди. Трамп "абдан жакшы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын", бирок АКШ Ормуз кысыгы боюнча "опузага" баш ийбей турганын айтты.

Ливандагы элдешүү: өлгөндөр бар

Ал арада Израилдин Коргонуу армиясы өзүнүн телеграм-каналында "ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуулар күчүнө киргенге чейин 24 сааттын ичинде "Хезболланын" 150дөн ашуун согушкери жок кылынганын" жазды.

ЦАХАЛ ошондой эле Ливандын бир катар райондоруна сокку урулуп, командалык борборлор жана курал кампалары сыяктуу 300дөй аскерий объекти жок кылынганын, "Хезболланын" бир нече командири өлтүрүлгөнүн билдирди.

Израил менен Ливандын ортосундагы элдешүү сакталып жаткандай көрүнгөнү менен, адам өлүмүнө алып келген бир катар учурлар тууралуу кабарлар келүүдө.

ЦАХАЛдын маалыматына караганда, Ливандын түштүгүндө элдешүү башталгандан бери эки аскер каза болду, алардын бири жума күнү имараттарды миналардан тазалап жатканда жарылып кетти, дагы үч жоокер жараат алды.

Жекшембиде ЦАХАЛ дагы бир жоокер каза болуп, тогуз жоокер жарадар болгонун кабарлады. Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, аскер кызматкерлери бараткан БТР минаны басып, жарылып кеткен.

Мындан тышкары Ливанда Бириккен Улуттар Уюмунун бул өлкөдөгү Убактылуу күчтөрүнүн (UNIFIL) катарында кызмат өтөгөн француз жоокери өлтүрүлдү. Франциянын президенти Макрон бул үчүн "Хезболланы" айыптады, бирок уюм буга тиешеси болбогонун билдирүүдө. (ZMa)