Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов эки айга камалды
Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов "кылмыштуу топторду каржылоого" айыпталууда.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, айыпталуучу Ж.З.Иге (Зиядин Жамалдинов) карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалып, ал 10-июнга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №1тергөө абагына киргизилди. Камакка алуу тууралуу өтүнүчтү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы келтирген.
Жамалдинов Кылмыш-жаза кодексиин 41-беренесинин 2-бөлүмү (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 263-берене "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" боюнча айыпталууда.
Кылмыш иши боюнча анын жакындарынан же мыйзамдуу өкүлүнөн маалымат алууга мүмкүн боло элек.
Жамалдинов - Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты жана Ош облусунун мурдагы башчысы.
Ал 2005-жылы парламент депутаты болуп шайланып, Конституциялык мыйзамдуулук жана сот-укуктук реформалар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.
2007-жылы "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген.
2010–2011-жылдары Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматын аркалаган.
2015–2020-жылдары "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутат болгон.
Ал эми 2021–2023-жылдары Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
Жамалдинов Ош облусунун башчылыгынан кетиши чыр менен коштолгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 14-апрелде Зиядин Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Мындай чечимге атайын комиссия тарабынан табылган мыйзам бузуулар жана жетекчилердин ич ара келишпестиктери негиз болду.
Президенттин басма сөз кызматы ошол кезде билдиргендей, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн атайын комиссия аймактагы жетекчилердин ишмердүүлүгүн иликтеп чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызмат адамдары өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана ишинде олуттуу кемчиликтер бар экени аныкталган.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт