Алеппо сүрөттөрдө – курчоо уланууда

Көтөрүлүшчүлөр шаардан чыгып кетүүдө, бирок жергиликтүү тургундардын азап-тозогу уланууда. Каза тапкандар арасында балдар дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайкын тургундар көтөрүлүшчүлөр чегинген Алеппо чыгышындагы Бустан аль-Карс районунан качууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаардын чыгышындагы көп райондор урандыга айланды. Жашоочулардын көбү жакындарын таба албай калышкан. ЮНИСЕФ маалыматына караганда айрым ураган үйлөрдө балдар да кала берүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул бала талкаланган Бустан аль-Карс районунан эми эле чыгып, аларды Фардос аймагынан өкмөттүк күчтөр тосуп алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык аскерлер Фардоско келген жашоочуларды тосуп алууда. Сириялык укук коргоочулардын маалыматына караганда Алеппо чыгышында көтөрүлүшчүлөр алты районду таштап чегинди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сириялык аял Фардоско балдары менен бирге келди. Миңдеген тургундар көтөрүлүшчүлөр коргонуп жаткан аймактарды таштап чыгып кете албай турат.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир тургундардын аба чабуулдары уланып жаткан аймактардан качып чыгууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык армия кирип барган шаардын чыгышындагы көп көчөлөрдү таанып болбойт.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУ маалыматына караганда тынымсыз аткылоо жана аба чабуулдарынан улам жайкын тургундар уранды астында калган сөөктөрдү алып чыга албай жатат.