Газада эки үй-бүлө бир наристени талашууда
Газада эки үй-бүлө бир наристени талашууда
Эки жаштагы наристе Египетте узак убакыт бою дарыланып, марттын аягында Газага кайтып келгенден кийин аны эки үй-бүлө “биздин балабыз” деп талашып жатат. Махмуд 2023-жылдын ноябрында Газа шаарындагы Аш-Шифа ооруканасынан эвакуацияланган, ара төрөлгөн 31 ымыркайдын бири эле.
Ал Фатима Эль Хирштин уулу деп айтылган. Келин чала жан, өлүм алдында жаткан маалда анын төрөтүн кабыл алышкан. Фатима эсине келе албай эки күндөн кийин каза болуп калган.
Фатиманын күйөөсү Ахмед Эль Хирш наристе Египетте жүргөн убакта аны менен видео чалуулар аркылуу байланышып турган. Бирок азыр дагы бир үй-бүлө ушуга окшош окуяны айтып, Махмуд алардын баласы экенин билдирип жатат. Баланын атасын тактоо үчүн ДНК тесттери жүргүзүлүүдө.



