"Кийимдин үстүнөн ийне сайышкан"
"Кийимдин үстүнөн ийне сайышкан"
Пакистандын бир ооруканасындагы кооптуу медициналык практикалардан улам балдар дагы деле ВИЧ оорусун жуктуруп алуу коркунучунда турат. Бул оорукананын, вирус көп адамга жуккан окуяга байланышы бар экени былтыр кабарланган. BBC Eye ооруканын ичинен жашыруун тартып алган видео мурда иштетилген шприцтерден улам булганууга дуушар болгон флакондор бир канча балага колдонулуп жатканын көрсөттү. Адистер бул вирустун жайылышына шарт түзөт дешет. Оорукананын жетекчиси BBC Eye жашыруун тартып алган видеотасманы "эски же атайын уюштурулуп тартылган видео" деп четке кагып, Tаунса ооруканасы бейтаптар үчүн коопсуз экенин айтууда.