"Элге таянышпайт". Парламенттин 10% жаңыланды
"Элге таянышпайт". Парламенттин 10% жаңыланды
18-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган мандаттарын башка талапкерлерге өткөрүп берди. Ага ылайык, төрт жаңы депутат расмий түрдө катталды.
Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы туура үч ай мурда ишин баштаган. Андан бери тогуз депутат кетти, бул парламенттин 10 пайызы дегенди билдирет.



